2023-10-04

Орхун алмашуу программасы менен келген мугалим музыка бөлүмүндө семинар өттү


Орхун алмашуу программасы боюнча факультетибиздин музыка бөлүмүнө келген коногубуз Доц.др. Ресул БАГЫ тарабынан 2023-жылдын 04-октябрь күнү саат 16:00да
«Түрк элдик музыкасындагы жергиликтүү өзгөчөлүктөр» аттуу эл аралык семинары  № 104 жыйындар залында өткөрүлдү. Семинарга факультеттин академиялык/административдик кызматкерлери, студенттери жана факультеттерден келген коноктор катышты. Кызыккан суроолорун беришип, семинар кызуу талкуу менен өттү. Семинардын акырында музыка бөлүмүнүн мугалимдери менен бирге чакан концерт берилди.  Деканыбыз Проф.др. Ясин Бойлу, келген коногубуз Ресул мырзага университетибиздин белегин тапшырып, ийгилик каалап, ыраазычылык билдирди.