2023-12-07

Коомдук иш-чаралар


 

Факультетибиздин жамааты «3-декабрь - эл аралык майыптар күнүнө» карата коомдук иш-чаралар алкагында карылар үйүндө жашагандарга колдоо көрсөтүү максатында 2023-жылдын 1-декабрында саат 14.00дө «Бишкек шаардык карылар жана майыптар үйүндө» болушту.

Иш-чарабызда факультетибиздин академиялык/административдик кызматкерлери, «Түрк дүйнөсү» оркестри жана студенттерибиз тарабынан карылар үйүнүн жашоочуларына моралдык жактан колдоо концерти тартууланып, материалдык жана накталай жардам көрсөтүлдү. Уюштурулган концерттик программа аларга жагып, кызыгуу менен көрүштү.

Мындан сырткары театралдык искусство бөлүмүнүн студенттери жана карылар  тарабынан аткарылган кара жорго бийи чоң кызыгууну жаратты.

Бишкек шаардык карылар жана майыптар үйүнүн жашоочулары жана жетекчилери биздин келгенибизге жана кошкон салымыбызга абдан кубанычта экендиктерин билдиришти.

Факультетибиздин жамаатына, басма сөз жана коом менен байланыш бюросуна жана телекөрсөтүү мүдүрлүгүнө (MEDIAMANAS) колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдиребиз.