2023-10-10

Коомдук иш-чаралар


Факультетибиздин жамааты «1-октябрь - карылар күнүнө» карата коомдук иш-чаралар алкагында карылар үйүндө жашагандарга колдоо көрсөтүү максатында 2023-жылдын 7-октябрында саат 10.00до «Бишкек шаардык карылар жана майыптар үйүндө» болушту.

Иш-чарабызда факультетибиздин академиялык/административдик кызматкерлери, «Түрк дүйнөсү» оркестри жана студенттерибиз тарабынан карылар үйүнүн жашоочуларына моралдык жактан колдоо концерти тартууланды. Уюштурулган концерттик программа аларга жагып, кызыгуу менен көрүштү.

Бишкек шаардык карылар жана майыптар үйүнүн жашоочулары жана жетекчилери биздин келгенибизге жана кошкон салымыбызга абдан кубанычта экендиктерин билдиришти.

Факультетибиздин жамаатына колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдиребиз.