2024-03-12

“Ата конушунан ата журтка жаз” аттуу концерти


“Ата конушунан ата журтка жаз” аттуу концерти

Факультетибиздин музыка бөлүмүнүн окутуучулары Нежип Йылгын жана Эльвира Насырамбекова тарабынан 2024-жылдын 11-мартында “ Ата конушунан ата журтка жаз ” аттуу концерти берилди.

Кыргыз жана Анадолу күүлөрү саз менен комуздун коштоосунда аткарылды жана ошондой эле дирижёр Рысбек Жумакунов жетектеген «Түрк дүйнөсү» оркестринин катышуусунда жагымдуу чыгармалар музыкалык маанай тартуулап, угуучулардын,  музыкалык ышкыбоздордун моокумдарын кандырды. Нежип Йылгын агайыбыз жана Эльвира Насырамбекова эжебиздин түрк сазы менен кыргыз комузун айкалыштырып черткен мукамдуу чыгармалары менен концерттик программа катышуучулардын эсинде калды.