2024-03-06

Университетибизде «Кыргыздын улуттук баалуулуктары: «Манас» жана Ак калпак» аттуу иш-чара өткөрүлдү


Университетибизде «Кыргыздын улуттук баалуулуктары: «Манас» жана Ак калпак» аттуу иш-чара өткөрүлдү

2024-ж. 5-мартында университетибиздин Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында факультетибиз жана гуманитардык факультети тарабынан 5-март – Ак калпак күнүнө арналган «Кыргыздын улуттук баалуулуктары: «Манас» жана Ак калпак» аттуу иш-чара өткөрүлдү.

Бул иш-чарага университетибиздин жетекчилери, факультеттердин декандары, окутуучулары жана студенттери катышты. Иш-чарабыздын илимий бөлүгүндө Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен ф.и.д., проф. Курманбек Абакиров «Манас» эпосун изилдөөнүн жаңы талаптары» аттуу баяндамасын жана ошондой эле гуманитардык факультетинин түркология бөлүмүнүн окутуучусу ф.и.к., доц. Таалайбек Абдиев “Калпак – улуттук баш кийим” аттуу илимий баяндамасын сунушту. Аталган баяндамаларда «Манас» эпосун изилдөөнү бүгүнкү күндө жаңыча көз-караштар менен улантуу керек экендиги жана кыргыз маданияты үчүн улуттук баалуу мотив катары Ак калпактын мааниси баса белгиленди. Кызыктуу баяндамалардан кийин факультетибиздин театралдык искусство бөлүмүнүн студенттери “Манас” эпосунун негизинде чакан театралдык көрсөтүү уюштурушту.