2024-03-20

Балдар реабилитациялык борборуна сапар жана «Нооруз» майрамы маанайы


2024-ж. 19-март күнү факультетибиздин театралдык искусство бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Тыналиеванын жетекчилигинде бөлүмдүн мугалимдери жана студенттери «Нооруз» майрамына карата коомдук иш-чаралар алкагында Бишкек шаарында жайгашкан “Үмүт-Надежда” балдар реабилитациялык борборуна зыяратка барышты.

Бул реабилитациялык борбордогу балдар менен болгон жолугушууда факультетибиздин студенттери тарабынан «Нооруз» майрамы менен куттуктап, оюн-зоок программасы тартууланды жана чакан белектер тапшырылды. Борбордун мугалими Перизат Сатыбалдиева көркөм өнөр факультетинин жалпы жамаатына ыраазычылык билдирип, келгенибизге жана кошкон салымыбызга абдан кубанычта экендиктерин билдирди.