2024-жылдын 13-ноябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин көркөм өнөр факультети тарабынан “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгы жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган ”Тил жана искусство” аталышындагы иш-чара өткөрүлдү.
Аталган иш-чарага көркөм өнөр факультетинин деканы, PhD., профессор Күршад Гүлбейаз баш болгон окутуучулар жана студенттер катышты.
Иш-чаранын ачылыш сөзүн сүйлөгөн PhD., профессор Күршад Гүлбейаз Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун тарыхый маанисине көңүл буруп, “Кара-Кыргыз автономиялуу облусу тарыхта өтө кыска убакыт аралыгында болсо да, бул кыргыз мамлекетинин бар экендигин тастыктаган далил болуп саналат,” – деди.
Ал эми студенттер даярдаган концерттик программа залдагы көрүүчүлөргө эстен кеткис көз ирмемдерди тартуулады.
Программа жамааттык эстеликке сүрөткө түшүү менен соңуна чыкты.
Иш-чара искусство менен тилдин жолугушуусу аркылуу маданий мураска жарык чачкан маңыздуу күн катары эсте калды.