Кыргыз- Түрк «Манас» университетинин көркөм өнөр факультетинин 2025–2026-окуу жылынын күзгү семестри окуу планы башталды. Буга байланыштуу академиялык жыйыны 2025-жылдын 12-сентябрында көркөм өнөр факультеттин 103-аудиториясынын залында болуп өттү.
Жыйын көркөм өнөр факультетинин деканы, профессор доктор Мехмет Өзкаржынын ачылыш сөзү менен башталды. Жыйынга театралдык искусство бөлүмү, графика бөлүмү, музыкалык искусство бөлүмү жана сүрөт бөлүмүнүн толук саатта , жарым сааттык жана сааттык мугалимдер жана административдик кызматкерлер катышты.
Жыйында билим берүү жана окутуу процесстери, илимий басылмалар жана изилдөөлөр, академиялык кеңешчилик милдеттери, факультетибиздин веб-сайтынын колдонулушу, өнөктөш мекемелер менен кызматташуу, жаңы кызматташтык программалар боюнча жоболор, ошондой эле институционалдык байланыш каналдары боюнча маселелер талкууланды.
Жыйын окутуучулардын пикирлерин жана сунуштарын угуу менен жыйынтыкталып, факультетибиз алдыдагы койгон пландары натыйжалуу аткарууга чечимдер кабыл алуу менен аяктады.