2026-03-19

Көркөм өнөр факультетинде Сапатты башкаруу системасы боюнча семинар өткөрүлдү


Сапатты башкаруу системасы боюнча координациялоо бөлүмү тарабынан 2026-жылдын 13-мартында Көркөм өнөр факультетинде сапатты башкаруу системасынын процесстерине арналган семинар өткөрүлдү.

Семинар Сапат боюнча аткаруу кеңешинин төрагасы профессор, доктор Кадир Ардыч жана КБС (КЫС) кеңсесинин жетекчиси Аскат Жайлобаев тарабынан өткөрүлдү. Иш-чарага факультеттин бардык академиялык жана административдик кызматкерлери катышты.

Семинардын жүрүшүндө академиялык жана административдик кызматкерлерге университетте колдонулуп жаткан сапатты башкаруу системасынын процесстери тууралуу маалымат берилди жана сапат маданиятын институционалдык деңгээлде бекемдөөгө багытталган пикир алышуулар жүргүзүлдү. Ошондой эле жыйында сапатты башкаруу системасынын порталы тааныштырылып, аны колдонуу жолдору түшүндүрүлдү. Семинар катышуучулардын сапат процесстери боюнча маалымдуулугун жогорулатып, бөлүмдөр деңгээлинде жүргүзүлүүчү иштерге өбөлгө түзгөнү белгиленди.

Иш-чара академиялык жана административдик кызматкерлердин сапат процесстерине активдүү катышуусун колдогон натыйжалуу иш-чара болгону белгиленип, ушундай окутуу жана маалымат берүү иш-чараларын мындан ары да улантуу пландалып жатканы айтылды.