Кыргызстан–Түркия Манас университети менен Анкара университетинин ортосунда жүргүзүлүп жаткан кызматташтык иштеринин алкагында, Көркөм өнөр факультети менен Анкара университетинин мамлекеттик консерваториясынын ортосунда 2026-жылдын 18-мартында онлайн жыйын өткөрүлдү.
Жыйынга Көркөм өнөр факультетинин атынан декан, профессор, доктор Мехмет Өзкаржы, декандын орун басары, доцент, доктор Бану Эрдоған Чакар жана Музыка бөлүмүнүн окутуучусу Гөкхан Усал катышты. Ал эми Анкара университетинин мамлекеттик консерваториясынын атынан консерваториянын директору, профессор Элиф Онал, директордун орун басары, доцент Лейла Бекенсир жана аспаптык аткаруу бөлүмүнүн окутуучусу доктор Хазал Эврук жыйынга катышты.
Жыйындын жүрүшүндө онлайн форматта өткөрүлө турган семинар программалары жана биргелешкен академиялык иш-чаралар пландалды. Түрк дүйнөсүнө таандык музыкалык аспаптарга болгон кызыгуу өзгөчө белгиленип, бул багытта ишке ашырылуучу биргелешкен долбоорлор талкууланды. Мындан тышкары, консерваторияда өткөрүлүп жаткан сабактардын бирин Көркөм өнөр факультетинин студенттери онлайн форматта угуп, окуу процессине катышуусу боюнча макулдашууга жетишилди.
Өткөрүлгөн жолугушуу эки мекеменин ортосундагы кызматташууну өнүктүрүүгө өз салымын кошот деп күтүлүүдө.

