Көркөм өнөр факультети тарабынан уюштурулган «Эбру менен Кыргызстан» аттуу көргөзмө 2026-жылдын 3-апрелинде Курманжан Датка атындагы көркөм сүрөт галереясында искусство сүйүүчүлөрдүн катышуусунда ачылды.
Салттуу түрк искусствосунун эң өзгөчө түрлөрүнүн бири болгон эбру искусствосун кыргыз маданий элементтери менен айкалыштырган бул көргөзмөдө эбру өнөрүнүн дүйнөгө белгилүү чеберлеринин бири Хикмет Барутчугиль жана сүрөтчү Мухлиса имамова өз чыгармаларын тартуулашты.
Көргөзмөнүн ачылышына Түндүк Кипр Түрк Республикасынын өкүлү, Түркия Республикасынын Бишкектеги Элчилигинин Маданият боюнча кеңешчилигинин өкүлдөрү, Биринчи Проректор Алмаз Ибраев, проректор Исмет Алтынташ, окутуучулар, студенттер жана көптөгөн искусство сүйүүчүлөр катышты.
Ачылыш аземинде сүйлөгөн сөздөрдө салттуу искусствону сактоо жана аны келечек муундарга өткөрүп берүү маанилүүлүгү баса белгиленип, эбру искусствосунун эстетикалык жана маданий баалуулуктары өзгөчө белгиленди. Көргөзмөгө коюлган эмгектер аркылуу эбру искусствосунун өзгөчө техникасы кыргыз маданиятына тиешелүү образдар жана баяндар менен айкалышып, эки маданияттын ортосунда күчтүү чыгармачылык байланыш жана маанилүү диалог жаратканы айтылды.
Искусствонун универсалдуу тили аркылуу ар түрдүү географияларды бириктирген «Эбру менен Кыргызстан» көргөзмөсү катышуучулар тарабынан чоң кызыгуу жана жогору баа менен кабыл алынды.








