Кыргызстан-Түркия Манас Университети Көркөм өнөр факультети менен Анкара университетинин мамлекеттик консерваториясы ортосундагы академиялык кызматташтыктын алкагында 2026-жылдын 28-апрелинде онлайн сабак өткөрүлдү.
Факультетибиз тарабынан уюштурулган сабакка Анкара университетинин мамлекеттик консерваториясынын студенттери онлайн форматта катышты. Программанын модераторлугун Көркөм өнөр факультетинин Музыка бөлүмүнүн окутуучусу Гөкхан Усал аркалады.
Саат 14:00дө башталган сабакта доцент доктор Анарбек Ибраев жана окутуучу Элвира Насыранбекова эки бөлүктөн турган баяндама жасашты. Биринчи бөлүктө кыргыз вокал өнөрү каралса, экинчи бөлүктө комуз өнөрү боюнча кеңири маалымат берилди. Программанын жүрүшүндө кыргыз музыкасынын түрдүү үлгүлөрү сунушталып, сабак практикалык мазмун менен байытылды.
Өткөрүлгөн онлайн сабактын аркасында студенттер кыргыз музыка маданияты жана салттуу өнөрү менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышты. Иш-чара ошондой эле эки университеттин ортосундагы академиялык жана маданий кызматташтыктын өнүгүшүнө салым кошту.
Сабактын соңунда студенттер тарабынан берилген суроолорго жооп берилип, катышуучулар программага ыраазычылыгын билдиришти.


