Бишкек шаарынын 148 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында Музыка бөлүмү тарабынан карылар үйүндө атайын концерттик программа уюштурулду. 2026-жылдын 29-апрелинде өткөрүлгөн иш-чарада окутуучулар жана студенттер оркестрдин коштоосунда сахнага чыгып, карылар үйүнүн жашоочуларына унутулгус көз ирмемдерди тартуулашты.
Программа учурунда аткарылган музыкалык чыгармалар катышуучулар тарабынан чоң кызыгуу менен кабыл алынып, иш-чара жылуу жана таасирдүү маанайда өттү. Концерттин соңунда карылар үйүнүн жашоочулары студенттерге жана иш-чараны уюштурууга салым кошкон окутуучуларга ыраазычылык билдиришти.
Музыка бөлүмү тарабынан уюштурулган бул иш-чара көркөм программа гана болбостон, муундар аралык ынтымакты бекемдеген, коомдук жоопкерчиликти жана адамдык баалуулуктарды даңазалаган маанилүү социалдык долбоор катары бааланды.

.jpeg)
