2026-06-22

Түркия–Кыргызстан достугу искусстводо чагылдырылды: «YANKI» сүрөт көргөзмөсү ачылды


 

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Көркөм өнөр факультети тарабынан уюштурулган «YANKI (TabiArt Art Group)» сүрөт көргөзмөсү Курманжан датка атындагы көркөм сүрөт галереясында көрүүчүлөргө тартууланды. Түркия менен Кыргызстандан импрессионисттик искусство багытын карманган сүрөтчүлөрдүн эмгектерин бириктирген көргөзмө эки боордош өлкөнүн маданий жана көркөм байланыштарынын жаркын үлгүсү болду.

Көргөзмөнүн ачылышына Түркия Республикасынын Бишкектеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси доктор Мекин Мустафа Кемал Өкем, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Бишкектеги өкүлү Тахир Осман Тахир, КТМУнун ректору профессор Алпаслан Жейлан, ректордун милдетин аткаруучу профессор Алмаз Ибраев, ректордун орун басарлары профессор Исмет Алтынташ жана профессор Камалбек Карымшаков, ошондой эле окутуучулар, студенттер, сүрөтчүлөр жана көптөгөн искусство сүйүүчүлөр катышты.

Көргөзмөгө TabiArt Art Group курамындагы Түркиядан Сабри Өзтүрк, Теймур Агалыоглу жана Орхан Зафер, Кыргызстандан Таалай Мусурманкулов, Талгат Бокоев жана Арстан Дукуевдин эмгектери коюлду. Сүрөтчүлөр Түркия менен Кыргызстандын жаратылыш кооздуктарын, тарыхый жайларын жана маданий байлыктарын импрессионисттик көз караш менен чагылдырып, искусствонун универсалдуу тилин полотнолорго түшүрүштү.

Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Түркия Республикасынын Бишкектеги Элчиси доктор Мекин Мустафа Кемал Өкем Кыргызстандын жаратылышы, жарыгы жана өзгөчө атмосферасы менен импрессионисттик искусствонун рухун алып жүргөн өзгөчө өлкө экенин белгилеп, сүрөтчүлөр бул кооздукту өз чыгармаларында ийгиликтүү чагылдырышканын айтты.

КТМУнун ректору профессор Алпаслан Жейлан болсо Манас университети искусствого жана сүрөтчүлөргө өзгөчө маани берген билим берүү мекемеси экенин белгиледи. Ал искусствонун цивилизациялардын өнүгүүсүндөгү ордуна токтолуп, көргөзмөдөгү чыгармалар Түркия менен Кыргызстандын жалпы маданий мурасын жана боордоштук байланышын эстетикалык тил менен чагылдырганын билдирди.

Сүрөтчүлөрдүн айтымында, импрессионисттик искусствонун негизинде жаратылыш менен жашоонун дайыма өзгөрүп турган жарыгын, түсүн жана атмосферасын чагылдыруу аракети жатат. Алардын максаты буюмдарды так көчүрүү эмес, ошол көз ирмемдин маанайын жана таасирин полотного жеткирүү болуп саналат.

TabiArt Art Group мүчөлөрү искусство ар түрдүү маданияттарды жана адамдарды бириктирген универсалдуу көпүрө экенин белгилеп, Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы достук жана боордоштук байланыштар искусство аркылуу дагы бекемделип жатканын белгилешти.

Көркөм өнөр факультети тарабынан уюштурулган «YANKI» сүрөт көргөзмөсү Курманжан датка атындагы көркөм сүрөт галереясында көрүүчүлөрдү кабыл алууну улантууда. Көргөзмө беш күн бою бардык искусство сүйүүчүлөр үчүн ачык болот.