2026-10-15

Музыка бөлүмүнүн окутуучусу Клара Койчукулова Ардак грамота менен сыйланды


Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Көркөм өнөр факультетинин Музыка бөлүмүнүн окутуучусу Клара Койчукулова Бишкек шаарынын өнүгүшүнө кошкон салымы, ак ниет эмгеги жана кесиптик жетишкендиктери үчүн Бишкек шаардык кеңеши тарабынан Ардак грамота менен сыйланды.

2026-жылдын 12-октябрындагы № 15 токтомдун негизинде берилген грамота окутуучу Койчукулованын кесиптик берилгендиги жана Бишкек шаарынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн тапшырылган.

Окутуучу Клара Койчукулованы куттуктайбыз жана мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалайбыз!