2026-11-10

Көркөм өнөр факультетинен кыргыз-түрк достугуна көркөм салым


 

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Көркөм өнөр факультети Түркия Республикасынын Ички иштер министрлигине караштуу Жандармерия башкы командачысы, армиянын генералы Али Чардакжынын Кыргыз Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында уюштурулган программага концерттик жана бий өнөрлөрү менен катышты.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин кол башчылыгынын өтүнүчүнө ылайык уюштурулган иш-чарада кыргыз жана түрк маданияттарынын музыкалык жана көркөм өнөр жаатындагы байлыгы көрүүчүлөргө тартууланды.

Программанын жүрүшүндө Музыка бөлүмүнүн студентибиздин «Манас» эпосунан үзүндү аткаруусу иш-чарага улуттук маданияттын өзгөчө көркүн кошту. Түрк дүйнөсүнүн оркестринин солисттери түрк жана кыргыз тилдериндеги чыгармалардан турган репертуары менен эки элдин музыкалык мурасын көрүүчүлөргө тартуулашты. «Дастан» тобунун комуз коштоосундагы аткаруусу программага кыргыз улуттук музыкасынын өзгөчө жаңырыгын алып келсе, университетибиздин «Манастын кыздары» бий тобу өзүнүн бий өнөрү менен сахнага көрк кошту. Иш-чаранын түрк тилиндеги алып баруучулугун да Көркөм өнөр факультетинин студенти аткарды.

Кыргыз жана түрк маданияттарынын орток баалуулуктарын музыка жана бий аркылуу айкалыштырган иш-чара эки өлкөнүн ортосундагы достукту жана маданий кызматташтыкты чыңдоого көркөм салым кошту.

Көркөм өнөр факультети студенттеринин чыгармачылык дараметин ар түрдүү аянтчаларда көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн иш-чаралар аркылуу университетибиздин маданий жана көркөм өнөр жаатындагы өкүлчүлүгүн бекемдөөгө салым кошууну улантууда.