2026-11-10

Көркөм өнөр факультетинен Кыргыз Республикасынын 103 жылдыгына көркөм салым


 

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Көркөм өнөр факультети Түркия Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 103 жылдыгына карата университетте уюштурулган майрамдык иш-чараларга көргөзмөлөр, концерт жана сахналык көрсөтүүлөр аркылуу салым кошту.

Республика күнүнө карата Сүрөт бөлүмү тарабынан уюштурулган кыргызстандык сүрөтчү Жаныбек Бердикеевдин «Түркиядагы бир күнүм» аттуу жеке сүрөт көргөзмөсү Курманжан Датка көркөм сүрөт галереясында искусство сүйүүчүлөрүнө тартууланды. Сүрөтчүнүн Түркияга байланыштуу байкоолорун жана көркөм көз карашын чагылдырган эмгектеринде өлкөнүн жаратылыш кооздугу, маданий жашоосу жана эли өзгөчө көркөм чечмеленген.

Графика бөлүмү тарабынан даярдалган «Республиканын түстүү тарыхы» аттуу фото көргөзмө көрүүчүлөрдү Түркия Республикасынын тарыхый эс тутумуна саякатка чакырды. Графика бөлүмүнүн окутуучусу Сезер Эрдоган тарабынан мурда тартылган тарыхый сүрөттөрдү түстүү форматка өткөрүү аркылуу даярдалган көргөзмө тарыхый кадрларды заманбап көркөм ыкма менен кайрадан чечмелеп, өткөн мезгил менен бүгүнкү күндүн ортосунда көркөм байланыш түздү.

Майрамдык программанын музыкалык бөлүгүн Музыка бөлүмү уюштурду. Түрк дүйнөсүнүн оркестри аткарган чыгармалары аркылуу Республика күнүнүн майрамдык маанайын музыка менен көрүүчүлөргө тартуулап, майрамдык программага музыкалык көрк кошту.

Республика күнүнө карата уюштурулган кабыл алуу аземинин алкагында Сахна искусствосу бөлүмүнүн окутуучусу Таалайкүл Ташмамбетованын жетекчилиги алдында бөлүмдүн студенттери тарабынан даярдалган «Республика» ораториясы сахналаштырылды. Түркия Республикасынын түптөлүү тарыхын, тарыхый маанисин жана баалуулуктарын сахна искусствосунун көркөм каражаттары аркылуу чагылдырган оратория кабыл алуу аземинин өзгөчө көркөм программаларынын бири болду.

Көркөм өнөр факультетинин Сүрөт, Графика, Музыка жана Сахна искусствосу бөлүмдөрүнүн катышуусунда өткөрүлгөн иш-чаралар ар түрдүү искусство багыттарын Республиканын орток баалуулуктарынын айланасында бириктирди. Факультет академиялык жана чыгармачылык иштерин коомдук-маданий иш-чаралар менен айкалыштырып, университеттин көркөм жана маданий турмушуна салым кошууну улантууда.