2024-11-29
өркөм өнөр факультетинин живопись бөлүмү тарабынан уюштурулган “Устаттан шакиртке” аттуу топ көргөзмөсү 2024-жылдын 21-ноябрында Курманжан Датка сүрөт галереясында искусство сүйүүчүлөргө тартууланды. Ачылган топтук көргөзмөдө Кыргызстандын алдыңкы сүрөтчүлөрү Сталбек Токтоев, Руслан Ибраимов, Бахрам Темиров, Нурлан Короев, Азамат Абакиров, Таалайкүл Сейитбекова жана Талгат Бокоевдин өзгөчөлөнгөн эмгектери искусство дүйнөсүнүн көрүнүктүү ысымдарын жана искусство ышкыбоздорун бириктирди. .
Көргөзмөнүн ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов мырза жана Кыргыз-Түрк Манас университетинин ректору проф. др. Алпаслан Жейлан, Көркөм өнөр факультетинин деканы, проф. др. Күршад Гүлбеяз, академиктер, студенттер жана ошондой эле көптөгөн искусство сүйүүчүлөрү катышты.