2026-02-11
Бардык студенттерибизди Hobby Park менен кызматташтыкта уюштурулган «Кыргыз маданияты» темасындагы сүрөт сынагына чакырабыз!
Сынак 2026-жылдын 12-февралында саат 13:30–17:30 аралыгында Көркөм өнөр факультетинин 2-кабатындагы фойеде өткөрүлөт.
Кыргыз маданиятынын байлыгын көркөм көз караш аркылуу чагылдырган эң мыкты эмгектер сыйланат.
Өнөргө кызыккан бардык студенттерибизди бул жагымдуу иш-чарага күтөбүз.