2026-04-27
Эл аралык «Заманды ашкан мурас: Жибек жолу» көргөзмөсү 2026-жылдын 20-апрелинде Курманжан Датка көркөм сүрөт галереясында искусство сүйүүчүлөр менен жолугушту. Көргөзмө тарых бою ар түрдүү цивилизацияларды байланыштырып келген Жибек жолунун маданий мурасын бүгүнкү күнгө алып келген маанилүү иш-чара катары өзгөчө көңүл бурдурду.
Көргөзмөнүн ачылыш аземине Түркия Республикасынын Бишкектеги элчиси Мустафа Кемал Өкем, Азербайжандын Бишкектеги элчиси Латиф Сейфеддин Оглу Гандилов, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Бишкектеги өкүлү Тахир Осман Тахир, ТИКА Бишкек программалык координатору Мехмет Бодур, КТМҮнүн ректордун орун басары Исмет Алтынташ, башкы катчысы Фатих Истанбуллугил, окутуучулар жана студенттер катышты.
20–24-апрель күндөрү көрүүчүлөр үчүн ачык болгон көргөзмөдө Жибек жолунун тарыхый, маданий жана көркөм мурасын чагылдырган эмгектер сунушталууда. Иш-чаранын алкагында панелдик талкуулар жана мастер-класстар да өткөрүлдү.
Жибек жолунун өткөндөн бүгүнкү күнгө чейин созулган көп катмарлуу түзүлүшүн чагылдырган көргөзмө маданий өз ара байланыштардын жана жалпы мурастын маанисине көңүл бурууну максат кылат. Ар кайсы аймактардан алынган издерди камтыган эмгектер көрүүчүлөргө тарыхый саякат тартуулап, маданий улантуучулукту да баса белгилейт.
Иш-чара искусство жана маданият аркылуу эл аралык кызматташтыкты чыңдоону жана жалпы баалуулуктарды даңазалоону көздөйт.



