2026-11-16


ЖИВОПИСЬ БӨЛҮМҮ ДАЯРДОО КУРСУНУН СТУДЕНТТЕРИ МЕНЕН ОРИЕНТАЦИЯЛЫК ИШ-ЧАРАДА ЖОЛУГУШТУ


Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Чет тилдер жогорку мектеби тарабынан уюштурулган «2026-2027-окуу жылынын күзгү семестринде өтүүчү бөлүмдү/программаны таанытуучу жана багыт берүүчү иш-чаралардын» алкагында, Көркөм өнөр факультетинин живопись бөлүмүнүн даярдоо курсунун студенттери менен жолугушуу өткөрүлдү.

2026-жылдын 12-ноябрында саат 11:00дө Башкы имараттын 4-кабатындагы 419-дарсканада өткөн жолугушууга живопись бөлүмүнүн башчысы, ага окутуучу Адилет Жанапилов катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Адилет Жанапилов университетибиздин расмий интернет баракчасы аркылуу живопись бөлүмү тууралуу жалпы маалымат берип, окутуучулар курамы жана окуу программалары менен студенттерди тааныштырды. Бөлүмдүн буга чейин жетишкен ийгиликтери жана алдыдагы максаттары тууралуу да бөлүшкөн Жанапилов студенттерди жакынкы аралыкта бөлүмдө уюштурула турган чыгармачыл иш-чараларга чакырды. Ошондой эле даярдоо курсунун студенттери сабактан тышкаркы бош убактыларында бөлүмгө келип, өнөрканаларда сүрөт жана живопись боюнча өз алдынча иштей алышарын белгиледи.

Жылуу маанайда өткөн ориентациялык жолугушуу эстеликке сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.