2018-12-24


"Жаңы ысымдар"IV студенттик фестивалыы


2018-жылдын 17-21- декабрь айында Бишкек шаарында  Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлиги,  Кыргызстан театр ишмерлер союзу, Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университети тарабынан уюштурулган студенттик спектаклдердин “Жаңы ысымдар”  IV республикалык театр фестивалы болуп өттү.

  Кыргыз Түрк “Манас” университетинин Көркөм өнөр факультетини театралдык искусство бөлүмүнүн 4-курсунун студенттери  Бертольт Брехтин “Кавказдын ун чийини” спекталкли менен катышып, баш байге (гран-при) жана  аялдын образын мыкты ойногону үчүн Гүлнур Жамилбековага калыстар тобунун байгеси ыйгарылды. Көркөм жетекчиси Шамил Дыйканбаев

   Кыргыз Түрк Манас университетинин  студенттик театр- студиясынын студенттери Ч.Айтматовдун “Жамийла” спектакли менен катышып I-орунду жана Кыргыз Түрк “Манас” университетинин Көркөм өнөр факультетини театралдык искусство бөлүмүнүн 2-курсунун студентти Мехмед  Костекчиге  эң мыкты режиссура үчүн ушул эле бөлүмдүн студентти Жаркынбек Казыбекго Сейиттин образын мыкты аткаргандыгы үчүн “Жаш Кыял” республикалык сыйлыгы ыйгарылды. . Көркөм жетекчиси Г.Тыналиева

   Кыргыз Түрк “Манас” университетинин Көркөм өнөр факультетини  театралдык искусство бөлүмүнүн  “Жан Дүйнө” поэзия клубунун Г.Момунованын “Кайдасың кагылайын Ата-Мекен” поэтикалык  спектакли катышып,  “Позияны жаңыча сахналаштыруу байгеси” I- орунду, ушул эле спектаклдин катышуучусу театралдык  искусство бөлүмдүн 2-курсунун студентти  Наргиза Жекшеновага кыздын образын ийгиликтүү жараткандыгы үчүн Нурзат Исраиловага кыздын ролун мыкты аткаргандыгы үчүн  “Жаш Кыял” республикалык сыйлыгы ыйгарылды.