2019-03-19


Миграциянын жүрөгүн жаралаган "Кайдасың, кагылайын Ата-мекен?" поэтикалык спектакли көрсөтүлдү.


Миграциянын жүрөгүн жаралаган "Кайдасың, кагылайын Ата-мекен?" поэтикалык спектакли көрсөтүлдү. 
2019-жылдын 13-мартында "Жан - Дүйнө"поэзия клубу жана Таалайгүл Ташманбетова тарабынан уюштурулган Г. Момунованын "Кайдасың, кагылайын Ата-мекен?" поэмасын ага окутуучу, режиссёр Т. Ташманбетова тарабынан поэтикалык спектакль сахналаштырып элге көрсөтүлдү. Бул иш чарага коомдук ишмерлер, көрүнүктүү артисттер, студенттер жана журналисттер келип катышып, ой пикирлери менен бөлүштү. Башкы уюштуруучусу Т. Ташманбетованын айтымында да бул спектакль менен коомдогу актуалдуу ар кандай орчундуу, кейиштүү жана терс окуяларга баа берип сахна жолу менен элге көрсөтүп, маселенин чечилишине салым кошуунун аракетин жасап келет. Келген коноктор спектаклге жогорку баа беришти. "Жан - Дүйнө" поэзия клубунун максаты к келечектеги өлкөбүздүн өнүгүүсүнө, жаштардын билим деңгээли өйдө көтөрүлүшүнө жана мекенчил жаштардын тарбияланышына сахна аркылуу салым кошуп келишет. Мына бүгүн да ушул максатка жетишти.