2019-12-26


2019-жылдын 17-20-декабрь Студенттик спектаклдердин V республикалык «Жаңы ысымдар» театр фестивалы


Жагымдуу жаңылык

2019-жылдын 17-20-декабрь айында Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Кыргызстан театр ишмерлер союзу, Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университети

Студенттик спектаклдердин V республикалык «Жаңы ысымдар» театр фестивалы болуп өттү.

Фестивалга “Тунгуч” жаштар драма театрынын алдындагы театр окуу жайы,  Кыргыз улуттук академиялык Т. Абдумомунов атындагы театрдын театр окуу жайы, Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинин актердук бөлүмүнөн, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Көркөм өнөр факультетинин Театралдык искуство бөлүмүнөн, Ош мамлекеттик университетинин киноакадемиясынан  жалпы 13 спектакль катышып,  таймашышты.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Көркөм өнөр факультетинин Театралдык искуство бөлүмүнөн 2 спектакль катышып төмөндөгүчө байгелерге ээ болушту.

“БИРИНЧИ ОРУН”   Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Көркөм өнөр факультетинин Театралдык искуство бөлүмүнүн 4-курсунун “Туздуу чөл” (авт. М.Гапаров) спектаклине ыйгарылды. Ошондой эле дал ушул спектаклден  “ЭРКЕКТИН РОЛУН ЭҢ МЫКТЫ АТКАРГАНДЫГЫ ҮЧҮН БАЙГЕ” 4-курсунун студентти Камил Сагындыковко КАРАЕВдин  образын ийгиликтүү түзгөндүгү үчүн ыйгарылды. Факультеттин деканы Анарбек Ибраев, бөлүмдүн башчысы: Гүлмира Тыналиева,  Курстун көркөм жетекчиси: Назым Мендебаиров, койгон режиссеру: Шамиль Дыйканбаев, сахна кеби мугалими: Таалайгүл Ташманбетова.

“ҮЧҮНЧҮ ОРУН” Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Көркөм өнөр факультетинин Театралдык искуство бөлүмүнүн 3-курсунун “Адам...” (авт Ж.Садыков)  спектаклине ыйгарылды. Ошондой эле дал ушул спектаклден 3-курсунун студентти Чыңгызбек Калыбек уулуна КАБЫЛдын образын ийгиликтүү жараткандыгы үчүн  МУКАНБЕТ ТОКТОБАЕВ атындагы рекпубликалык сыйлык ыйгарылды.   ГҮЛШАРА ДУЛАТОВА атындагы республикалык сыйлык Театралдык искусство бөлүмүнүн 3-курсунун студентти “Адам...” спектаклинде ОБО ЭНЕнин образын ийгиликтүү аткаргандыгы үчүн  Нургиза Жекшеновага ыйгарылды.    Факультеттин деканы  Анарбек Ибраев, бөлүмдүн башчысы: Гүлмира Тыналиева,  Курстун көркөм жетекчиси жана койгон режиссеру: Адылбек Болорбек уулу, сахна кеби мугалими: Гүлмира Тыналиева

Мындан тышкары  ЭҢ МЫКТЫ ДРАМАТУРГИЯ БОЮНЧА БАЙГЕ Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Көркөм өнөр факультетинин Театралдык искуство бөлүмүнүн 3-курсунун студентти Шайымбекова Ширинге “МЕНИН ДҮЙНӨМ”  драмасын ийгиликтүү жазгандыгы үчүн ыйгарылды,

ЭҢ МЫКТЫ ТЕАТРОВЕДДИК ИШ БОЮНЧА БАЙГЕ  Театралдык искусство бөлүмүнүн 3-курсунун студентти Камилжан уулу Тимурланга “ НАТАШИНА МЕЧТА” жазган рецензиясы үчүн ыйгарылды, дагы бир ЭҢ МЫКТЫ ТЕАТРОВЕДДИК ИШ БОЮНЧА БАЙГЕ  Театралдык искусство бөлүмүнүн 3-курсунун студентти Турдумаматова Алинага “ НАТАШИНА МЕЧТА” , “ГАМЛЕТ”  спектаклдерине жазган рецензиясы үчүн ыйгарылды,

ЭҢ МЫКТЫ ДРАМАТУРГИЯ БОЮНЧА БАЙГЕ Театралдык искусство бөлүмүнүн 3-курсунун студентти Шухратбек кызы Афрузага “ КЫЗГАЛДАКТАР” пьесасына ийгиликтүү жазгандыгы үчүн ыйгарылды.

Жалпы 9 сыйлык алышты.

         Факультеттин деканы доц. Анарбек Ибраев  Бөлүм башчы- Гүлмира Тыналиева  Проф.   Сталбек Бактыгулов   Ага Окутуучу (сахна кеби) Таалайкүл Ташмамбетова, Ага Окутуучу ( актердук чеберчилик) Шамил Дыйканбаев,  Ага Окутуучу  ( актердук чеберчилик)       Адылбек Болорбек уулу, Ага Окутуучу (вокал) Темирлан Токторбаев,  Ага Окутуучу (драматургия жана оюун анализи)Жаныш Кулманбетов , Ага Окутуучу ( бий) Эльвира Караева, Ага Окутуучу(сахна кеби)  Калича Сейдалиева, Ага Окутуучу (сахна кеби)  Жумагүл Жумалиева, Доц.Др. ( театр менеджментиги жана экономикасы) Айгүл Арзиева,                     Ага Окутуучу ( чакан формалардын режиссердугу) Кайрат Иманалиев  Ага Окутуучу ( актердук чеберчилик) Назым Мендибаиров  Ага Окутуучу (сахна кыймылы)  Илим Калмуратов  Ага окутуучу (концертмейстер) Нуржан Токторбаева мына ушул мугалимдердин эмгеги, көздөгөн максаттарынын бири, талыкпаган менети, ийгилиги. Куттуктайбыз. Дагы көптөгөн ийгиликтер жарала берсин.

Маалымдаган жана сүрөткө тарткан: Айбек Сабирмамат уулу.