2021-03-30


ЭРГҮҮ СЫЙЛЫГЫ 2021


27-мартта Эл аралык театр күнү белгиленип, кыргыз театрларында коюлган спектаклдердин жана үзүрлүү эмгек кылган театр кызматкерлеринин мыктыларына «Эргүү» улуттук театр сыйлыгы тапшырылды. Сыйлыктар 2019-2020- жылдагы жеңүүчүлөргө ыйгарылып, статуэтка, диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Салтанаттуу иш- чараны Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев ачып, жалпы театр ишмерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, келечекте театр тармагында жасала турган иштер, өтө турган гастролдор тууралуу кайрылуу жасады.
Иш- чарага Кыргызстан театр ишмерлер союзуун төрагасы Жаныш Кулманбетов, “Айтыш” коомдук фондунун төрагасы Садык Шернияз жана жалпы театр тармагында эмгектенген кызматкерлер, театр окуу жайлары жана маданият тармагынын ири өкүлдөрү катышты.
________________________
– Жаштар үчүн коюлган эң мыкты спектакль наамды Уильям Шекспирдин
- “Он экинчи түн”, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Көркөм өнөр факультетин Театралдык искусство бөлүмүнүн 4-курсунун студенттеринин спектакли алды.
Көркөм жетекчиси Адылбек Болорбек уулу
Театралдык искусство бөлүмүнүн башчысы Гулмира Тыналиева
Көркөм өнөр факультетин деканы Анарбек Ибраев.