2021-12-13


ЗАЛКАР ЖАЗУУЧУ Ч. АЙТМАТОВДУ ЭСКЕРҮҮ 09.12.2021


 2021 жылдын 9-декабрында залкар жазуучу Ч.Айтматовду 93-жылдыгына арналган эскерүү аземи болуп өттү. Эскерүүдө  алгач Айтматовдун чыгармачылык жолундагы  сүрөт көргөзмөсү болуп андан соң   филол. ил. докт., проф. Лайли Үкүбаева- "Айтматовдун  адам концепциясы жана азыркы учур " жана   Театралдык искусство бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Тыналиева “Искусство жана анын инсандын өнүгүүдөгү ролу” темасында баяндама окушту. 

 Театралдык искусство бөлүмүнүн студенттеринин аткаруусунда  Ч.Айтматовдун чыгармаларынан түзүлгөн театралдык композиция көрсөтүштү. Көркөм жетекчиси КР нын Эл артисти Калича Сейдалиева

Ч.Айтматовдун сөзүнө жазылган "Ыссык-Көлдү сагынуу" чыгармасын  Театралдык искусство бөлүмүнүн 1-2-3 - курсунун студенттери аткарышты. Көрокөм жетекчиси Темирлан Токторбаев Концертмейстир Нуржан Токторбаева