2023-03-14


ДЖОРДЖ ОРУЭЛ "АЙБАНАТТАР ФЕРМАСЫ" спектали көрсөтүлдү


Кыргыз Түрк Манас университетинин көркөм өнөр факультетинин театралдык искусство бөлүмүнүн 4-курсунун студенттери Джордж Оруэллдин чыгармасынын негизинде коюлган "Айбанаттар фермасы" аттуу спектакли А. Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрынын сахнасында көрүүчүлөргө көрсөтүлдү.

Курстун мугалими жана режиссёру - Шамиль Дыйканбаев

Спектаклге көркөм өнөр факультетинин деканы Доц. Анарбек Ибраев, КР нын Эл артисти Мелис Шаршенбае, педагог, режиссёр Аманбек Жапаров, театралдык искусство бөлүмүнүн башчысы Гулмира Тыналиева жана ар кайсы театрлардын көркөм жетекчилери келип спектакль жөнүндө жакшы ойлорун айтып кетишти.