2023-03-28


Эл аралык театр күнүнө карата Т. Абдумомунов атындагы драма театрында «Эргүү» улуттук театр сыйлыгы тапшырылды


Эл аралык театр күнүнө карата Т. Абдумомунов атындагы драма театрында  «Эргүү» улуттук театр сыйлыгы тапшырылды

 

27-март Эл аралык театр күнүнө карата  Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргызстан  театр ишмерлер союзу уюштурган. “Эргүү” улуттук театр сыйлыгын тапшыруу аземинде Кыргыз Түрк Манас университетинин көркөм өнөр факультетинин театралдык искуство бөлүмүнүнө Кыргызстан театр ишмерлер союзунун башкармалыгынын байгеси менен кесиптик билимди өздөштүрүүгө жетишкен ийгиликтери үчүн 3- курсунун  "8 аял" спектаклин жаратуучулары сыйланды.

 

 

Иш-чарага  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты мнистринин орун басары Айнура Аскарова, Кыргызстан  театр ишмерлер союзунун Төрагасы Жаныш Кулмамбетов ж.б. көрүнүктүү театр ишмерлери, ошондой эле калыстар тобунун мүчөлөрү, бул жаатта билим алып жаткан студенттер катышты.