2023-04-04


СЕМИНАР Таалайгүл Ташманбетова "Актердун сахнадагы өзүн алып жүрүү этикасы"


Кыргыз Түрк Манас университетинин көркөм өнөр факультетинин театралдык искусство бөлүмүнүн ага окутуучусу Таалайгүл Ташманбетова "Актердун сахнадагы өзүн алып жүрүү этикасы" теманын алкагында семинар өткөрдү.

Академик кызматкерлердин жылдык өтүлүүчү семинардын алкагында өткөрүлүп жаткан бул жолку семинар башкалардан өзгөчөлүгү жана алгачкы жолу эксперименталдуу негизде көрүүчүлөрдүн ой-пикири жана сунушунтарын  сурамжылоо баракчасын  таркатуу менен  башталды.

 Семинар төрт максатка бөлүнүп, этиканын учурдагы эң актуалдуу күнгөй-тескейи  айтылды. Коомдо  орун алган жүрүм – турум этикалык көйгөйлөр жана алардын чечилүүчү жолдоруна токтолуп тема ар тараптуу  ачылды. Семинардын темасын улай учурдагы эң көйгөйлүү этиканы сактабаган айдоочуларга арналган  “жол – эжережелери” аттуу көрсөтүү семинардын өзөгү болду.

Семинарга  көркөм өнөр факультетинин деканы Доц. Анарбек  Ибраев жана ага окутуучулар, студенттер катышты.

Семинардын аягында Анарбек Ибраевга сөз берилип буларга токтолду. Семинар бүгүнкү күндүн эң  актуалдуу темасы экенин белгилеп тилекке  каршы ара сынактардын  өтүп жатканына туш келип  көптөгөн мугалимдер жана студенттер катышпай калганына кейип семинарды дагы бир жолу чоң аудироияда көрсөтүүлүүсүнө сунуш киргизип  өз көзөмөлүндө уюштурууга үндөдү.

 Сурамжылоонун жыйынтыгында   көрүүчүлөрүндүн  купулуна толгонун жана да ушундай семинарлар байма-бай өтүүсүн, студенттерге абдан таасир бергенин сурамжылоо баракчасына   жазып калтырышкан.