2023-11-22


Көркөм өнөр факультетинин театралдык искусство бөлүмүнүн ага окутуучусу Эльвира Караева “Хореографиялык искусство” аттуу семинар өткөрдү.


Семинар   хореографиялык көркөм  өнөрдүн алкагында доклад окуу менен башталды. Докладта хореография боюнча тема ар тараптуу ачылды мисалы: хореограф деген ким,хореографияда  тажырыйба алууга жана ийгилик жаратууга мүнкүнчүлүктөр, хореографиянын  бийчиге тийгизген таасири жана пайдалары тууралуу кенен малымат берилди.

Мындан тышкары ар улуттун байыркыдан бери келе жаткан  бийлеринин тарыхы  алардын аталыштары жөнүндө жана бийдеги колдонулган элеметтеринин  мааниси туралуу айтып берди.

Семинарга  театралдык искусство бөлүмүнүн башчысы Гульмира Тыналиева, административдик кенже кызматкер Айбек Сабирмамат уулу жана  1-2-4 -курстун студенттери катышты

Семинар суроо жооп,талкуулоолор менен уланды.