2023-12-12


2023-жылдын 8-декабрында түрк дүйнөсүнүн залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 95 жылдына арналган эскерүү аземи болуп өттү.


Көркөм өнөр факультетинин театралдык искусство бөлүмү тарабынан уюштурулган  “Айтматов жана жаштар” аттуу эскерүү иш-чарасы университетибиздин биринчи проректору, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова, проректор, доцент Камалбек Карымшаков, көркөм өнөр факультетинин деканы, профессор Чагатай Акенгин, белгилүү драматург, журналист, коомдук жана мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты Кайрат Иманалиев, окутуучулар жана студенттердин катышуусунда өткөрүлдү.

 

“Манас” университетинин көркөм өнөр факультетинин деканы, профессор Чагатай Акенгин: “Кыргыз Республикасынын Чыңгыз Айтматовго болгон берилгендик сезими суктанаарлык. Биз университетибиз жана факультетибиз катары милдетибизди аткаруу үчүн бул иш-чараны уюштурдук,”-деди. Профессор Чагатай Акенгин Чыңгыз Айтматовдун мурасын жана чыгармаларын жаш муундар арасында сактап калууда мындай иш-чаралардын мааниси чоң экенин баса белгиледи.

 

КТМУнун көркөм өнөр факультети тарабынан уюштурулган жана Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында өткөрүлгөн “Айтматов жана жаштар” аттуу эскерүү иш-чарасынын алкагында залкар жазуучунун кайталангыс чыгармаларынын негизинде даярдалган Ч.Айтматов “Саманчынын жолу” чыгармасынан Толгонайдын монологун  КРнын эл артисти Калийча Сейдалиева, “Бетме-бет”  спектаклинен үзүндү Мамлекеттик “Учур” жаштар театры жана Жамилянын ыры”  операнын солисти КРнын эмгек сиңирген артисти Айзирек, “Аселим” - операнын солистери  Жоломан Үсөн аткарышты.