2023-12-21


Театралдык искусство бөлүмүнүн студенттери эл аралык театр фестивалында көз жоосун алган “Эң жөнөкөй окуя” спектаклин тартуулашты


Үстүбүздөгү жылдын 18-декабрында Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында эл аралык VIII “Жаңы ысымдар” театр фестивалынын расмий ачылышы өттү.  

Сегизинчи ирет өтүп жаткан фестивалдын алкагында Б. Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын сахнасында эң алгачкылардан болуп КТМУнун көркөм өнөр факультетинин театралдык искусство бөлүмүнүн 3-курсунун студенттери “Эң жөнөкөй окуя” спектаклин тартуулашты.

Аталган спектакль “Манас” университетинин көркөм өнөр факультетинин театралдык искусство бөлүмүнүн ага окутуучусу Адылбек Болорбек уулунун көркөм жетекчилигинин астында драматург Мария Ладонун “Эң жөнөкөй окуя” чыгармасынын негизинде даярдалды.

Көркөм өнөр факультетинин деканы, профессор Чагатай Акенгин, театралдык искусство бөлүмүнүн башчысы, ага окутуучу Гүлмира Тыналиева жана бир катар окутуучулар жана студенттердин катышуусунда өткөрүлгөн фестивалда “Эң жөнөкөй окуя” спектакли көрүүчүлөрдүн дүркүрөгөн кол чабуулары менен коштолду.

Белгилей кетсек, аталган фестиваль театр окуу жайларынын студенттеринин чыгармачылык жетишкендиктерин көрсөтүү жана баалоо, студенттердин чыгармачылык дараметин өнүктүрүү жана тажрыйба алмашуу максатында өткөрүлдү.

Фестивалдын алкагында кыргызстандык студенттерден тышкары Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Россиядан келген студенттер Бишкек шаарындагы театрларда көрүүчүлөргө спектаклдерин 22-декабрга чейин тартуулашмакчы.