2023-12-26


“Манас” университетинин көркөм өнөр факультетинин театралдык искусство бөлүмүнүн студенттери эл аралык театр фестивалында бир нече сыйлык алды


2023-жылдын  21-декабрында Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында VIII эл аралык “Жаңы ысымдар” театр фестивалы жыйынтыкталды. Фестивалдын салтанаттуу жабылыш аземинде “Манас” университетинин көркөм өнөр факультетинин театралдык искусство бөлүмүнүн студенттери бир нече сыйлыкка ээ болушуп, чоң ийгиликтерге жетишишти.

Фестивалдын алкагында театралдык искусство бөлүмүнүн 4-курсунун студенттери тартуулаган “Эң жөнөкөй окуя” спектакли 2-орунду камсыздады. Ошондой эле аталган спектаклдеги аял затынын ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн театралдык искусство бөлүмүнүн 4-курсунун студенти Төлөгөнова Кализага атайын диплом жана акчалай сыйлык тапшырылды.

Мындан тышкары “Эң мыкты театр сыны” номинациясында да театралдык искусство бөлүмүнүн студенттери ийгилик жаратышты. Анда студенттик фестивалдын  спектаклдерине жазган рецензиялары үчүн 1-орунду 3-курстун студенти Жаңылай Эгембердиева жана 2-курстун студенти Сезим Жумашова ээ болушса, 2-орунду  3-курстун студенти Сыймык Жолдубаев менен 2- курстун студенти Жылдыз Осмононалиева камсыздашып, атайын дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

“Манас” университети сыйлыкка татыктуу болгон студенттерди куттуктайт жана аларга мындан ары да албан-албан чыгармачыл ийгиликтерди каалайт.