2024-02-16


Көркөм өнөр факультетинин театралдык искусство бөлүмүнүн ага окутуучусу Темирлан Токторбаев “Улуу бас-Болот Миңжылкыев” аттуу семинар өткөрдү.


Семинар Болот Миңжылкыевдин өмүр баяны жана  чыгармачылыгы, кыргыз искусствосуна өзгөчө дүйнөлүк операнын жылдыздары, Италиялык ырчылар Капучилли, Джани Раймонди, болгариялык Николай Гяуров менен бирге «Ла Скаланын» сахнасында Дж. Вердинин «Дон Карлос» аттуу операсынан Италия тилинде Король Филипптин партиясын аткаргандыгы  Софияда өткөн вокалисттердин эл аралык сынагында алтын медалга жана лауреат деген наамга, Тулузада (Франция) Гранпри сыйлыгына татыктуу болгондугун. СССРдин чоң театрында, Ленинграддын академиялык опера жана балет театрында иштегени тууралуу кенен айтып тааныштырды.

Семинарга бөлүм башчы Гүлмира Тыналиева, ага окутуучулар жана 1-2-3-4- курстун студенттери катышты.