2024-03-14


Маданият жана каада-салт: Ак калпак күнү


2024-жылдын 5-мартында КТМУнун Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында 5-март – Ак калпак күнүнө карата гуманитардык жана көркөм өнөр факультеттери тарабынан уюштурулган Кыргыз улуттук баалуулуктары: “Манас жана ак калпак” аталышында иш-чара өткөрүлдү.

Программанын жүрүшүндө
Көркөм өнөр факультетинин театралдык искусство бөлүмү ага окутуучу Таалайгүл Ташманбетова тарабынан даярдалган 2-курстун студенттери жана ага окутуучу Чагалдак Замирбеков Манас эпосунан театралдык көрсөтүү сунушташты.