2024-03-29


Балдар реабилитациялык борборуна сапар


 19-март күнү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин көркөм өнөр факультетинин театралдык искусство бөлүмүнүн бөлүм башчысы Гүлмира Тыналиева, ага окутуучу Таалайкүл Ташмамбетова жана 2- курстун студенттери Бишкек шаарында жайгашкан “Үмүт-Надежда” балдар реабилитациялык борборуна барышты.

Реабилитациялык борбордогу балдар менен болгон жолугушууда театралдык искусство бөлүмүнүн студенттери тарабынан чакан белектер тапшырылып, театралдык жомок  тартууланды. Музыка бөлүмүнүн 3-курсунун студентти Турдакунова Жазгүл жагымдуу чыгармасын аткарып берди. Аталган борбордун мугалими Перизат Сатыбалдиева көркөм өнөр факультетинин жалпы жамаатына ыраазычылык билдирип мындан ары да кызматташууну улантуубузду өтүндү.