2024-04-24


2024 жылдын “Жаңы ысымдар” IX эл аралык студенттик театр фестивалы


19-апрелде “Жаңы ысымдар” IX эл аралык студенттик театр фестивалынын жабылыш аземи өттү.

 

Иш-чарага чыгармачыл чөйрө, студенттер жана театр сынчылар, драматургтар катышты.

 

Кыргыз -Түрк “Манас” университетинин көркөм өнөр факультетинин театралдык искусство бөлүмүнүн студенттери төмөндөгү сыйлыктарга арзыды.

 

ЭҢ МЫКТЫ ДРАМАТУРГИЯ, 2-ОРУН

4-курстун студенти Медина Муктарбек кызы “СЫР” аттуу пьесасы үчүн  сыйлык.

 

ЭҢ МЫКТЫ ТЕАТР СЫНЫ, 1-ОРУН

2-курстун студенти Жылдыз Осмоналиева студенттик фестивалдын  спектаклдерине жазган рецензиялары үчүн сыйлык

 

ЭҢ МЫКТЫ ТЕАТР СЫНЫ, 2-орун

4-курсунун студенти Кундуз Камчыбек кызы студенттик фестивалдын  спектаклдерине жазган рецензиялары үчүн сыйлык

 

Эске салсак, бул фестиваль 2016-жылдан бери Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Театр ишмерлер союзу,

Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети тарабынан уюштурулуп келет