2024-11-18


«Тил жана искусство» аттуу кечеси


Ушул жылдын 12- ноябрында көркөм өнөр факультетинин тарабынан “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата «Тил жана искусство» аттуу иш-чара уюштурулду.

Иш-чараны көркөм өнөр факультетинин деканы Проф, др. Күршад Гүлбейаз  ачып берди.

 

  1. «Манас» эпосунан үзүндү  («Жомок башы» Ырысбай Ысаковдун варианты)
  2. «Ата-журт» ыры (Алыкул Осмонов)
  3. Алыкул Осмоновдун поэзиясынан театралдык көрүнүш
  4. «Ысык-Көлдү сагынуу»   сөзү: Ч. Айтматов, обону: М. Бегалиев