2024-11-22


“Тоталитардык доордогу жаңы драматургиянын пайда болушу” аттуу семинар өткөрүлдү.


Ушул жылдын 21-ноябрында театралдык искусство бөлүмүнүн  ага – окутуучу Айдай Токторбекова “Тоталитардык доордогу жаңы драматургиянын пайда болушу” аттуу семинар өткөрүлдү.

 Семинардын баяндамачысы мугалим А.Токторбекова студенттер аркылуу  сабактын натыйжалуулугун семинарга айкалыштырып кыргыз театрынын тарыхы жана драматургдардын тоталитардык доордогу жазылган чыгармаларынын маани-маңызын тереңинен кыргыз жана түрк тилинде ачып беришти.

Семинарга театралдык искуссво бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Тыналиева, ага-окутуучу Таалайгүл Ташманбетова катышты.