2024-11-28
25-ноябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин чамгарагында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Ашым Жакыпбековдун “Айкашка” чыгармасынын негизинде коюлган спектакль көрсөтүлдү. Көркөм өнөр факультетинин театралдык искусство бөлүмүнүн 3-курсу тарабынан даярдалган спектакль театр сахнасында көрүүчүлөр менен жолугушуп, көптөгөн алкыштарга ээ болду.
Спектаклди көрүүгө биринчи проректор, саясий и. к., доцент Алмаз Ибраев, көркөм өнөр факультетинин деканы, PhD., профессор Күршад Гүлбейаз баштаган окутуучулар, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин окутуучулары, бүтүрүүчүлөр, студенттер жана бир катар коноктор келди.
Кыргыз адабиятында көрүнүктүү таланттардын бири, мыкты котормочу, жазуучу, киносценарист Ашым Жакыпбековдун 1959-жылы жазылган “Айкашка” аттуу чыгармасында саяпкердик өнөрдүн сырлары таамай чагылдырылган. Аталган спектаклдин режиссеру, көркөм өнөр факультетинин театралдык искусство бөлүмүнүн ага окутуучусу Чагалдак Замирбековдун айтымында, чыгармада ат менен адам мамилеси менен кошо тагдыр, салт-санаа, маданият сыяктуу темаларда муундар ортосундагы конфликт тууралуу баяндалат.
“Ат – адамдын канаты”
Көрсөтүүнүн соңунда сөз сүйлөгөн биринчи проректор, саясий и. к., доцент Алмаз Ибраев аттын көчмөн элдин жашоосундагы ролуна токтолуп, “Кыргыз үчүн, жалпы эле көчмөн элдер үчүн адам менен жылкынын ортосундагы мамиле өзгөчө. Малга баарыбыз жакынбыз. Ошондуктан ат темасы аябай толкундатып, адамды сезимтал кылат десем жаңылышпайм. “Ат – адамдын канаты”, - деп бекеринен айтылбаган.”
Спектаклден абдан таасирленгенин айткан биринчи проректор сөзүн мындай деп улантты: “Жаш таланттарга алкыш! Окуу жайыбыздын студенттеринин жогорку деңгээлде аткарганы чоң жетишкендик. Ар бириңер чеберчилик менен берилип аткардыңар. Бул силердин келечектеги кесибиңерди сүйгөнүңөрдү түшүндүрөт”, - деп студенттерге жана аларга билим берип, өстүрүп жаткан факультеттин жалпы жамаатына терең ыраазычылык билдирди.
Терең таасир калтырып, эмоцияларга бай спектакль залда отурган көрүүчүлөрдүн купулуна толду.