2024-12-31
Үстүбүздөгү жылдын 25-декабрында Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Кыргызстан театр ишмерлер союзу биргелешип “Жаңы ысымдарга” катышчу театр тармагындагы студенттердин ичинен эл аралык конкуренцияга татыктууларын алдын ала тандап алган, жыл сайын өтүүчү республикалык “ЖалынFest” театр фестивалынын ачылыш аземи жана алгачкы 2 спектакли Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде көрсөтүлдү.
Иш-чаранын ачылышына КТМУнун көркөм өнөр факультетинин деканы Проф.др.Күршад Гүлбейаз Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин искусствону жана кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси, театр иликтөөчү жана драматург, педагог Тыныбек Сыдыков, Кыргызстан театр ишмерлер союзунун Президенти Жаныш Кулмамбетов сөз сүйлөп фестивалга катышып жаткан ар бир жаш таланттардын эмгеги көрүнүп, ийгиликтерди каалашты.
28-декабрь М. Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрында фестивалдын жабылышында КТМУнун көркөм өнөр факультетинин театралдык искусство бөлүмүнүн студенттери жогорку жыйынтыкты камсыздап, жалпы 10 дипломго ээ болушту.