2026-03-11
2026-жылдын 5-мартында Театралдык искусство бөлүмүнүн ага окутуучусу Чагалдак Замирбеков тарабынан “Диалог” аттуу семинар өткөрүлдү.
Семинарга ага окутуучулар Таалайгүл Ташманбетова, Айбек Сабирмамат уулу жана студенттер катышты.
Иш-чара театр искусствосунда, айрыкча драматургиядагы диалогдун орду, аны колдонуу ыкмалары жана ага көңүл буруучу негизги жагдайлар тууралуу түшүндүрмө берүү менен башталды.
Андан соң студенттерге чоң экран аркылуу белгилүү фильмден үзүндү көрсөтүлүп, алар ошол көрүнүшкө өздөрү тандаган тема боюнча диалог түзүп, үн коштоо аркылуу чыгармачылык тапшырманы аткарышты.
Семинардын жүрүшүндө студенттер диалог түзүүнүн практикалык ыкмалары менен таанышып, өз ойлорун чыгармачылык түрдө билдирүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)