2026-04-27
ЭЛ АРАЛЫК СТУДЕНТТИК ТЕАТР ФЕСТИВАЛЫ
Үстүбүздөгү жылдын 18-апрелинде Бишкек шаарында Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Б. Бейшеналиева атындагы КУМИУ жана Театр ишмерлер союзу тарабынан уюштурулган “Жаңы ысымдар” XI эл аралык студенттик театр фестивалы жыйынтыкталды.
СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиеванын 100 жылдыгына арналган бул фестивалга Россия, Түркия, Өзбекстан, Казакстан, Азербайжан жана Кыргызстан өлкөлөрүнүн искусство окуу жайларынын театр факультеттеринин студенттери катышышты.
Аталган фестивалда КТМУнун көркөм өнөр факультетинин театралдык искусство бөлүмүнүн студенттери “Эң мыкты драматургия” жана “Эң мыкты театр сыны” номинациялары боюнча катышып, жалпы 7 сыйлыкка ээ болушту.
Курбанбекова Мээрим “Парик” драмасы үчүн, Акунова Зулайха “Лес, где поют цикады” драмасы үчүн I орунду камсыз кылышты. Ал эми Шабырбекова Элнура “Пигмалион” драмасы менен II орунду ээледи. Театр сыны багыты боюнча Жумашова Сезим “Выстрел по повестям Белкина” рецензиясы үчүн I орунду камсыз кылса, Сагалиева Бегимай “Бир келип кетчи Ош жакка” рецензиясы үчүн II орунду ээледи. Ошондой эле Термеева Мырзайым. "Зеркало" пьесасы үчүн жана Айлина Жеңишбекова пьесалар жыйнагы үчүн атайын дипломго татыктуу болду. Аталган студенттер КТМУнун театралдык искусство бөлүмүнүн окутуучусу, профессор, доктор, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, театр таануучу, драматург - Жаныш Кулманбетовдун жетекчилиги алдында билим алышат.
Фестиваль чыгармачыл жаш студенттердин — театр артисттеринин, режиссёрлордун, драматургдардын, театр сынчыларынын, сценографтардын жана көркөм окуу чеберлеринин катышуусунда өтүп, алардын сахна өнөрүндө профессионалдык жактан калыптанышына дем берүү, ошондой эле чет өлкөлүк окшош профилдеги окуу жайлар менен чыгармачылык тажрыйба алмашуу максатын көздөп келет.
Белгилей кетсек, КТМУнун театралдык искусство бөлүмү студенттерге бир гана практикалык спектаклдерди даярдоо менен чектелбестен, алардын интеллектуалдык деңгээлине, аналитикалык ой-жүгүртүүсүнө жана чыгармачылык ар тараптуулугуна өзгөчө көңүл бурат. Фестивалдагы жогорку жетишкендиктер жана алынган сыйлыктар дал ушул багыттагы ишмердүүлүктүн жыйынтыгын айкындап турат



