2026-05-15
29-апрелде Театр бөлүмүнүн окутуучусу Сонкөлбек Алмазбек уулу тарабынан «Академиялык вокалдык билим берүүнүн принциптери жана методдору» аттуу семинар уюштурулду.
Семинардын жүрүшүндө академиялык вокалдык билим берүүнүн негизги принциптери, туура дем алуу, үн техникасы, дикция, интонация жана сахнада аткаруу ыкмалары тууралуу кеңири маалымат берилди. Теориялык бөлүк практикалык иштер менен айкалыштырылып, студенттер иш-чарага активдүү катышты.
Иш-чаранын алкагында студенттер сахналык аткаруулар аркылуу вокалдык билим берүү жаатындагы техникалык жана чыгармачылык жөндөмдөрүн көрсөтүштү. Өткөрүлгөн практикалык иштер студенттердин сахна тажрыйбасын өнүктүрүүгө жана чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн ачууга өбөлгө түздү.
Семинарга Театр бөлүмүнүн окутуучулары жана студенттери активдүү катышып, иш-чара тажрыйба алмашуу жана кесиптик өнүгүү үчүн пайдалуу аянтча катары бааланды.

