Урматтуу абитуриенттер!
Суроо-талапка ээ кесипти өздөштүрүп, болгону 2 жылдан кийин ийгиликтүү эмгек жолуңузду баштоону каалайсызбы? Анда сиз туура даректесиз!
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Кесиптик колледжиндеги эң актуалдуу билим берүү программаларынын бирин тандап, документтерди кабыл алуу мөөнөтүн өткөрүп жибербеңиз.
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Кесиптик колледжинде тил даярдоо программасы менен катар эки жылдык кесиптик билим берилет. Интенсивдүү практикалык даярдыктын жана тажрыйбалуу окутуучулар менен адистердин жетекчилиги астында жүргүзүлгөн окутуунун аркасында студенттер заманбап билимдерге жана ийгиликтүү кесиптик ишмердүүлүк үчүн зарыл болгон практикалык көндүмдөргө ээ болушат.
Колледждин бүтүрүүчүлөрү тандаган багыты боюнча диплом алып, ар кандай тармактарда ийгиликтүү эмгектенишет. Ошону менен бирге колледждин студенттери университеттин башка факультеттеринин студенттери сыяктуу эле окуу жайдын бардык билим берүү, илимий, маданий жана спорттук мүмкүнчүлүктөрүнөн толук пайдаланышат.
Кирүү сынактарына катышуу үчүн абитуриент 11-класстын бүтүрүүчүсү болуп, Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) негизги тестинен кеминде 110 упай алышы керек. Бул талапка жооп берген абитуриенттер Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ички кирүү сынактарына катышууга укук алышат.
Билим берүү программаларына кабыл алуу ички кирүү сынактарынын жыйынтыгынын негизинде жүргүзүлөт. Окууга кабыл алынуу үчүн абитуриенттер тандаган билим берүү программасы боюнча белгиленген өтүү баллын топтошу зарыл.
Өлкөнүн алдыңкы университеттеринин биринин студенти болуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбай, ийгиликтүү келечекке ишенимдүү кадам таштаңыз!
Кабыл алуу тартиби, каттоо мөөнөттөрү жана кирүү сынактарына катышуу шарттары тууралуу кеңири маалыматты төмөнкү шилтемеден ала аласыз: https://exams.manas.edu.kg/?lang=ky