2025-11-12


Жумуш берүүчүлөр менен маек семинары өттү


2025-жылдын 5-ноябрында КТМУ Кесиптик колледжинде “Жумуш берүүчүлөр менен маек” аталышындагы семинар болуп өттү. Семинардын алкагында курулуш тармагында иштеген адис Каданбай Бактыгулов студенттер менен жолугушуп, өзүнүн эмгек тажрыйбасы жана курулуш тармагындагы мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берди.

Иш-чаранын максаты — студенттерди эмгек рыногунун талаптары менен тааныштыруу жана кесиптик багыт берүү болуп саналат.