2025-11-13


“Унаанын тейлөөнүн мааниси” аттуу семинар өткөрүлдү


2025-жылдын 12-ноябрында саат 15:30да 118-аудиторияда КТМУ Кесиптик колледждин Автомеханика программасы тарабынан “Унаанын тейлөөнүн мааниси” аттуу семинар өткөрүлдү. Семинарга баяндамачы катары Автомеханика программасынын окутуучусу окутуучу Мехмет Рүштү Чифтчи катышты.

Семинарда унааны тейлөөнүн коопсуз айдоо, күйүүчү майды үнөмдөө жана унаанын кызмат мөөнөтүн узартуу үчүн мааниси баса белгиленди. Окутуучу Чифтчи студенттерге мезгил-мезгили менен техникалык тейлөөнүн этаптары, мотор майын алмаштыруу, тормоз системасын текшерүү жана шиналардын коопсуздугу тууралуу кеңири маалыматтарды берди.

Ошондой эле унааларда жүргүзүлүүчү периоддук тейлөөнүн мааниси жөнүндө кеңири маалымат берилди. Семинарда унаанын суюктуктарынын, чыпкаларынын жана айрым тетиктеринин өз убагында алмаштырылышы унаанын кызмат мөөнөтүн узартып, жайлуураак жана коопсузураак айдоо шарттарын түзөрү баса белгиленди.

Иш-чара студенттердин кесиптик билимин жана түшүнүгүн арттырууга багытталган жемиштүү семинар катары жыйынтыкталды.