2026-02-19
2026-жылдын 10-февралында окутуучу Алиева Насикаттын чакыруусу менен «Салык кабинети» темасындагы семинарга «Бухгалтердик эсеп» багытынын бүтүрүүчүсү, жеке компанияда бухгалтер болуп иштеген Шерипова Айпери чакырылды.
Ал семинарда Салык кабинети менен иштөөнүн практикалык жактарын тааныштырып, системага катталуу жана кирүү тартибин, электрондук эсеп-фактураларды (ЭСФ) толтуруу эрежелерин кеңири түшүндүрүп берди. Ошондой эле кесиптик тажрыйбасынан мисалдар келтирип, көп кездешкен каталарды талдап берди.
Семинар студенттердин чоң кызыгуусун жаратып, алардын практикалык кесиптик көндүмдөрүн калыптандырууга өбөлгө түздү.

.jpeg)