2026-03-18
«Бактылуу бала» социалдык жоопкерчилик иш-чарасынын алкагында 2026-жылдын 6-мартында Туризм жана мейманкана иштетүү программасынын 1- жана 2-курсунун студенттери окутуучу, д-р Мадина Өзтүрктүн жетекчилиги астында Балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борборуна барышты.
Аталган иш-чаранын алкагында борборго балдар үчүн гигиеналык каражаттар, оюнчуктар, китептер жана кээ бир тамак-аш азыктары (жемиш пюреси, шире, печенье, таттуулар) жеткирилди. Ошондой эле, балдар менен ар кандай оюндар ойнолуп, убакыт көңүлдүү өттү. Студенттерибиздин мындай сезимталдуулугу жана коомдук иштерге болгон активдүүлүгү — биз үчүн сыймык! Ар бир баланын жылмаюусу — биздин эң чоң ийгилигибиз.

