2026-04-03
Университетибизде ага окутуучу, доцент м.а. Махмут Вурал тарабынан сунушталган "Билим берүү 5.0: Жасалма интеллект доорунда билим алуу" аттуу семинар болуп өттү. Семинарда технологияны адамга багытталган негизде колдонуу жана дипломго эмес, компетенцияга багытталган билим берүүгө өтүү процесси талкууланды. Жасалма интеллекттин коркунуч эмес, тескерисинче, чыгармачыл иштерди адамга калтырган чоң мүмкүнчүлүк экени баса белгиленип; Perplexity AI, NotebookLM жана ChatPDF сыяктуу академиялык жардамчы куралдар изилдөө жана маалыматты талдоо процесстерин кантип 90% га тездете тургандыгы мисалдар менен көрсөтүлдү.
Семинардын экинчи бөлүгүндө сапаттуу жыйынтык алуу үчүн "Промпт-инженерия" деп аталган, жасалма интеллект менен туура сүйлөшүү өнөрүнүн маанилүүлүгүнө токтолушту. Катышуучуларга жасалма интеллектти көчүрүү куралы катары эмес, этикалык баалуулуктардын алкагында билим алууга жардамчы катары колдонуу сунушталып; Gamma, Canva жана CapCut сыяктуу куралдар менен санариптик дүйнөдө байкалуу стратегиялары бөлүшүлдү. Иш-чара "Келечек — туура суроо бергендердики болот" деген билдирүү жана туруктуу өнүгүү басымы менен аяктады.



